Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 11:21
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Таласта дайынсыз болуп жаткан 60 жаштагы жарандын денеси каналдан табылды

Таласта дайынсыз болуп жаткан 60 жаштагы жарандын денеси каналдан табылды



 Талас облусунун Кара-Буура районудагы Ак-Башат айылынын 60 жаштагы А.А. аттуу тургуну 24-сентябрда мал базарга кеткен бойдон дайынсыз болгон. Анын денеси бүгүн, 27-сентябрда Чоң-Талас каналынан табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


Кечээ, 26-сентябрда аталган жарандын "Ауди-80" үлгүсүндөгү унаасы Көк-Дөбө айылынан өткөн Чоң-Талас каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат "112" кызматына түшкөн. Жерине Кара-Буура райондук №91 ӨКБдан 4 куткаруучу, туугандарынан 30 адам тартылып, жеке менчик кран менен унааны чыгарышкан. Ал эми айдоочусунун сөөгүн издөө кеч кирип кеткендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. 


Бүгүн кайрадан таң эрте издөөнүн жыйынтыгы менен жеңил унаанын ээсинин сөөгү табылып, ИИМ кыматкерлерине сөөгүн өткөрүп беришти.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн