Бугу 13, 2024
Убакыт: 08:16
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Таласта кош бойлуу болуп калган 13 жаштагы кыз өгөй атасы тарабынан зордукталган

18.02.2022 19:12
1163
Таласта кош бойлуу болуп калган 13 жаштагы кыз өгөй атасы тарабынан зордукталган

Таласта 13 жашар кызын өгөй атасы зордуктаганын айтып аял милицияга арыз жазды. Бул тууралуу  облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, 8-февраль күнү Кара-Буура РИИБине 40 жаштагы А.Н. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда биринчи никеден төрөлгөн 13 жашар кызын учурда чогуу жашап жаткан күйөөсү күч колдонуу менен зордуктап, анын кесепетинен кызы 26 жумалык боюнда бар экенин билдирген.


Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Ал аялдын 45 жаштагы күйөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн