Талас облусунда жылытуу системасы жарылып, келин каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 17-январда Бакай-Ата районунун Көк-Таш айылында болгон.
"33 жаштагы келин жаракат алып, ооруканага жеткирилген, тилекке каршы ал каза болуп калды. Ошондой эле келиндин 2 жашар уулу ысык суудан күйүк алган", - деп белгилешти ӨКМден.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн