Бугу 03, 2024
Убакыт: 22:01
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Тамактануучу жайларда тамак-аштын аталышын кыргыз тилине которуу сунушталды

28.02.2023 12:00
285
Тамактануучу жайларда тамак-аштын аталышын кыргыз тилине которуу сунушталды

Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңештин жыйындар залында "Мамлекеттик тил жөнүндө" коомдук талкуу өтүп жатат.


Жыйындын жүрүшүндө Тазагүл Закирова кафе, ашканаларда тамак-аштын аталышын кыргыз тилине которууну сунуштады.


Анын айтымында, туристтер келгенде да тамактардын аталышын окуп Кыргызстанга келгендей таасир калышы керек.


"Мисалга алсак, шаурма деген сөз калыптанып калды. Анын ордуна нукура кыргызча "жупка оромо" деген сөз бар эле",- деди ал.


Тазагүл Закирова ошондой эле автобекеттерде, унаа жолдорунда "Ак-Жол" деп дефис менен эмес жөн эле "Ак жол" деп жазууну кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн