Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тариэль Жаныбеков жана Бекжан Рысмендеев транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды

15.11.2023 13:27
238
Тариэль Жаныбеков жана Бекжан Рысмендеев транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды


Тариэль Жаныбеков жана Бекжан Рысмендеев транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйруктарга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Ведомствонун маалымат кызматынан билдиришкендей, министрдин жаңы орун басарларын президенттик администрациянын саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев тааныштырды.

Белгилей кетсек, Тариэль Жаныбеков 2022-жылдын декабрынан 2023-жылдын июнуна чейин “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын башкы директору кызматын аркалаган.

Ал эми транспорт министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары дайындалган Бекжан Рысмендеев буга чейин “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын инвестициялар бөлүмүн жетектеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн