АКШнын Космостук агенттиги - NASA кабарлагандай, астронавт Жанетт Эппс 2021-жылы эки кесиптеши менен Эл аралык космос станциясына учат.
Маалыматка таянсак, Нью-Йоркто жашаган 49 жаштагы Эппс тарыхта алгачкы ирет аталган станцияда иштеген кара терилүү аял болот.
Эске салсак, 2000-жылы аэрокосмикалык техника боюнча доктор макамын алган Эппс космоско 2018-жылы учмак. Бирок учууга бир ай калганда кандайдыр бир белгисиз себептен улам орду башка адиске алмаштырылган эле.
Жанетт Эппс Эл аралык космос станциясына "Boeing CST-100 Starliner" кемесинде чыгаары айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн