Ар бир жасалган ишке, болуп өткөн окуяга тарых эртеби-кечпи өз баасын берет. Убагында өз элин, өз жерин, өз мамлекетин жан дили менен сүйгөндүгү, ага берилгендиги үчүн саясаттын курмандыгы болуп калган инсандар өткөн. 1937-жылдагы репрессиянын курмандыктары болгон Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев сыяктуу кыргыздын алгачкы интеллигенцияларынын тагдыры буга мисал. Андан кийинки тарыхты алсак, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон (1950-1961-жылдары) Исхак Раззаков да өзүбүздүн эле ичибизден чыккан бузукулардын айынан кызматтан кетип, өз өлкөсүнөн сырткары өмүр кечирүүгө аргасыз болгон.
Биз жаңыдан гана өз каалоосу менен отставкага кеткен президент Сооронбай Жээнбековду «жоош экен», «жумшак экен» деп айыптадык. Ошол эле убакта ага чейинки доорлордо ашкере күчүн көрсөткөн бийликтерди да көргөнүбүздү унуттук. Аларды да эмне деп айыптадык эле? Бир сөз менен айтканда, бизге катуусу да, жумшагы да жакпады. Деги эле бизге эч ким жакпай келатат.
Ушундан улам күнөө балким өзүбүздө эмеспи деген суроону бергим келет. Биз жаңы президент шайланып келери менен эле буту-колунан тарткылап, сындап киребиз. Толук кандуу иштөөсүнө тоскоолдуктарды жаратабыз. Өзүн сыйлабасак да, жок дегенде президенттик кызматты, даражаны сыйлоону үйрөнө албай койдук. Анан кантип бизди башкалар сыйлайт?
Ошентип эгемендик алгандан берки бешинчи президент отставкага кетти. Биринчи ирет өлкөбүздө ызы-чуулу митинг, Ак үйдү басып алуудан кийин бийлик кан төгүүсүз, тынчтык жолу менен өткөрүлдү. Сооронбай Жээнбеков элдин, мамлекеттин бүтүндүгүн жана тынчтыгын баардык кызмат орундарынан жогору кое турганын далилдеди.
«Мен үчүн өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин бүтүндүгү, коомубуздун ынтымагы баардык кызмат ордунан бийик. Мен Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан президент катары калгым келбейт. Ошондуктан мен отставкага кетүү чечимин кабыл алдым», - деди С. Жээнбеков өз кайрылуусунда. Ушундай эле сөздөрүн ал 16-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын жыйынында да айтып өттү.
Эл өкүлдөрү президент С. Жээнбековду сый-урмат менен узатышты. Президент жыйындар залынан чыгып кеткенден кийин сөз сүйлөгөн бир топ депутаттар анын үч жылда президент катары таза жана акыйкат, жигердүү иш жүргүзгөнүн баса белгилешти. Анын жасаган иштерине тарых өз баасын берип, кези келгенде Исхак Раззаков сыяктуу таза, чыныгы мамлекетчил инсан болгону айтылып каларын белгилешти.
Ырас, күн кайдан чыкса, заматта жүзүн ошол жакка буруп кеткен саясатчылар, депутаттар да бар. Андайлар болуп келген, боло да берет. Кыргызстан 29 жылдан бери ошолорго окшогон күн карама, сатылма саясатчылардын айынан өнүкпөй келатканы да жашыруун эмес.
Эми С. Жээнбеков экс-президент катары өлкөбүздө бейпил жашоого толук укуктуу. Ал бийлигин сактап калуу үчүн күч колдонуудан баш тартты. Өз элин, өз жерин бийлик кумарына алмаштырбады. Мамлекет башчысы катары чыныгы айкөлдүгүн көргөздү. Болбосо, президентти да колдогон тарапташтары арбын эле. Ал тарапташтары да көчөгө чыкса, анда баш жарылып, көз чыкмак. Мындайга жол бербеди.
Сооронбай Жээнбеков өз кызматынан татыктуу кетти. Эми ал башын бийик көтөрүп, жаштарга акыл-насаатын айтып, кадырлуу бакубат жашоо кечире алат. Жалпы эл сизди сыйлай турганын жана колдоп келгенин, мындан ары да колдой бере турганын билдирип турат.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн