Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 22:03
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Тартип сакчыларын жаман иштер менен гана эстебестен, жакшылык жагын да биле жүрөлү

11.09.2021 11:21
1581
Тартип сакчыларын жаман иштер менен гана эстебестен, жакшылык жагын да биле жүрөлү


Кечээ Орозайымды кармап, кайра чыгарып атканда бир кызык окуя болду. Өспүрүм балдары бар ата-энелер бул маселеге жакшылап көңүл буруп койсо ашыкча болбос. Кечке жуук жамгырдан кийин ботаникалык бакчада балдарымды сейилдетип жүргөмүн. Бир маалда эле бакчанын суу каналды кесип өткөн жериндеги бурчуна 50-60тай жаш бала топтошуп калды. Баары 15-16 жаштардагы  өспүрүм балдар. Аларга каршы каналдын аркы өйүзүндө дагы бир топ - 20 чакты бала.  Бирдемелерди эле кужулдашып чече албай жатышат. Бир маалда эки тараптан 5-6 бала атамандарын ээрчип ортого сүйлөшүүгө чыгышты. Кадимки согуш талаасындагы аскер башчылардай болуп жаш балдар эки жаат бирдемелерди катуу-катуу талкуулап жатат. Маал-маалы менен сөгүшүп коюшат. Арасында 13-14 жаштагы балакайлар да жүрөт. Элчилерди жолуктурган соң мушташпайт го деп мен деле көңүл бурган эмесмин башында, башка эс алуучулар деле анча маани бербей өтүп жатышкан. Бир маалда элчилер эки тарапка басып, өздөрүнүн тобуна кошулуп үндөр мурдагыдан да өктөмүрөөк чыга баштады. Алыстан сөздөрү угулбайт. Бирок, "эй, коркпогула, качпагыла, бери бас" деп жаш балдар бири-бирин үгүттөп жүрүшөт.  Бир-экөө бакчанын четинен таш терип жатканын көрүп, бир жамандык болгону калганын ошондо сездим. 


Дароо 102ге чалсам, телефондон орус тилдүү кыз аябай сылык жооп берип, даректи тактады: "Кабатыр болбоңуз, азыр биздин кызматкерлер барат" деп трубканы коюп койду. Чынын айтсам, милициянын мынчалык ыкчам келишин күткөн эмесмин. 5-6 минутка жетпей милиция кызматкерлери пайда болуп, тиги Куликов салгылашындай эле мушташка камынып калган жаш балдарды таратып ийишти, баары туш келди тарапка бир заматта качып жоголушту. Бактыга жараша, эч ким кармалган жок, эч кимге таш тийген жок, эч ким сабалган жок. Жаш балдар кийин жөн жерден жаза тартып калбасын деп, сүрөткө да тарткан эмесмин. Мушташтын болбой калганына, милициянын өз маалында келгенине аябай сүйүндүм. Тартип сакчыларын кечке эле жаман иштер менен гана эстебестен, жакшылык жагын да биле жүрүш керек турбайбы деп ойлонуп койдум.  Окуя бүткөндөн кийин милициядан бир жигит телефон чалганы да жагымдуу болду:


 -  Алло, ассаломуалейкум байке! Мен Октябрь райондук ИИМ бөлүгүнөн чалып жатам. Сиз ботсаддагы балдар жөнүндө маалымдаган экенсин. Биз келдик, балдар качып кетти. Рахмат, билдирип койгонуңузга. Бир кырсыкты алдын алдык!


- Силерге да рахмат. 50-60тай бала жүргөн.  Арасында аябай жаш балдар да бар эле. Ыкчамдык менен келгениңерге рахмат. 


-  Сизге рахмат. Атыңызды айтып койсоңуз, биз рапорт жазат элек...


Кыскасы, милиция менен эмес эле полиция менен сүйлөшкөндөй болдум. 


Бул окуяны ата-энелер үчүн атайын жазып жатам.  Өспүрүм балдарыңыздарга сак болуңуздар. Жанагындай топторго айрымдары бири-бирин кыялбай эле кошулуп келип калганы байкалып турат. Бөөдө кырсык болуп кетпесин. 15-сентябрга чейин окуучу балдардын колу бош, эмне иш кылаарын билбей ушундай абалдар түзүлүп жатса керек. Мындан кийин окуу жылынын 1-сентябрда эле башталуусун министрликтен талап кылат окшойбуз.    Милиция кызматкерлерине дагы бир жолу ыракмат! Чоң кырсыкка арачы болгондой эле сезилди мага.  Кечинде соцсетти  карасам, Орозайымды да бошотушуптур, анысы да оң жылыш. Саясатты эмес, коомдук тартипти коргогон милиция жагат. Бар болуңуздар, тартип сакчылары!


Ибрагим Нуракун уулу, журналист 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн