Бугу 15, 2024
Убакыт: 21:04
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Таш-Көмүр шаарында УКМК кызматкерлери үчүн жаңы имарат курулду

09.11.2022 11:45
338
Таш-Көмүр шаарында УКМК кызматкерлери үчүн жаңы имарат курулду



Бүгүн, 9-ноябрь күнү, УКМКнын Таш-Көмүр шаардык бөлүмчөсү жаңы имаратка көчтү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы маалымдады.


Белгилүү болгондой буга чейин, Советтер доорунда курулган, эскилиги жеткен, ыңгайсыз имаратта кызмат өтөп келген чекисттер үчүн заманбап үлгүдөгү имарат курулуп берилди.


Ачылуу аземине КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Ошондой эле, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгынын жетекчилери, өздүк курамы, УКМК ардагерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да аземге күбө болушту.


Жаңы имаратта атайын кызматтын кызматкерлери үчүн бардык кызматтык шарттар камсыз кылынган.


Камчыбек Ташиев сүйлөгөн сөзүндө, "Өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан мамлекетти кубаттуу өлкөгө айлантуу, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, мамлекеттин коопсуздугун жетиштүү деңгээлде камсыздоо жана элдин жашоо шартын жакшыртуу саясаты кынтыксыз аткарылышы зарылдыгын" белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн