Таш-Көмүр шаарында батирден 63 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар 1-кичирайонунда жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1959-жылы туулган С.Э. аттуу аял кишинин сөөгү табылган.
Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жерине 5 куткаруучу тартылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн