Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:04
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Таш-Көмүрдө заманбап кол күрөш залы ачылды

23.01.2021 19:21
1321
Таш-Көмүрдө заманбап кол күрөш залы ачылды

Кечээ, 22-январда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында заманбап  кол күрөш залы ачылды. Бул тууралуу кол күрөш боюнча КРнын башкы машыктыруучусу Каныбек Эсенгелдиев билдирди.


Анын айтымында, мындай саамалык жаштардын демилгеси менен ишке ашырылган. Алар атайын спорт залды ачуу үчүн “Дем берүүчү грантка” долбоор жазышкан. Алар бир жарым миллион сом сарпташып, ал эми жаштар өз ыктыярлары менен 300000 сом каражат топтошкон. Мунун натыйжасында заманбап спорт залы пайдаланууга берилди.


“Спорт залда кол күрөшдөн тышкары оор отлетика, паурлифтинг боюнча дагы машыга алышат. Өсүп келе жаткан жаштарга жана жашы улгайып калгандар үчүн чоң мүмкүнчүлүк болду. Алар убактысын бөлүп, каалаган убакта келип, машыгып кетишсе болот. Спорт залдын эшиги ар дайым ачык, атайын машыктыруучулар дагы кол кабыш кылып турмакчы”,-деди Каныбек Эсенгелдиев.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Максатбек Ундашевич
Ден-соолук ийгилик Таш-көмүрдүн жана бүтүндөй Кыргызстандын сыймыгысыңар алга алга алга ????????????????????????????????????????????????????????