Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:41
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн Ташчайнар жардамга муктаж

04.09.2020 10:22
1228
Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн Ташчайнар жардамга муктаж


"Ташчайнар" деген лакап ат менен элге таанылган  балбан Нурлан Алишеров эсин жоготуп жыгылып, учурда  жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу анын өкүл баласы Алымбек Адылбеков  билдирди.


Анын айтымында, Алишеров бир нече айдан бери оору менен күрөшүп келет. 2-сентябрда саат 20:30 чамасында, эсин жоготуп жыгылган. Учурда Бишкектин Фучик көчөсүндөгү ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Балбанга дарыгерлер кант диабетинин оор түрү деген диагнозун коюшкан.


Өкүл баласынын айтымында, Алишеровдун жубайы дагы Таласта ооруп жатат.  Учурда "Ташчайнардын" дарылануусуна акча каражат керек болуп, алар элден жардам сурап кайрылышат.


Суроолор боюнча: 0773834605, 0703834605 номурларына кайрылсаңыздар болот! 0776553535 ЭЛСОМ.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн