Бугу 04, 2024
Убакыт: 13:59
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ташиев Адахан Мадумаровго: Биз тилибиз менен эмес, колубуз менен иш алып барып жатабыз

17.11.2022 12:25
381
Ташиев Адахан Мадумаровго: Биз тилибиз менен эмес, колубуз менен иш алып барып жатабыз

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча мыйзамды ратификациялоо каралууда.


Жыйындын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн Адахан Мадумаров каралып жаткан мыйзам өзү мыйзамсыз экенин билдирди.


"Мен 1000 пайыз ишеним менен айта алам азыр карап жаткан маселе мыйзамсыз. Буга тарых өзү да баа берет.

Мындан сырткары, кийинки бийлик келгенде азыр колу-бутун кысып мыйзамды таңуулап жаткандарды жоопкерчиликке тартат",- деди Мадумаров.


Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Адахан Мадумаровго кайрылып: "Сиз дагы ушул мамлекетте чоңоюп, нанын жеп, суусун ичип келе жатасыз. Колуңуз менен иш кылбасаңыз да тилиңиз менен көп иш кылдыңыз.

Биз тили менен эмес колубуз менен иш кылып жоопкерчиликти алып жатабыз. Бизди кийинки бийлик келгенде деп коркутпаңыз. Керек болсо жооп беребиз",- деди Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн