Кумтөр боюнча керек болсо мурдагы президенттер да жооп берет. Мындай пикирин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадга болгон иш сапарында билдирди.
Анын айтымында, Кумтөр боюнча бардык жооптуу адамдар татыктуу жазасын алат.
"Биз бул маселени аягына чыгарышыбыз керек. Кумтөрдү акыркы 25 жылда кимдер тоноп жеп келген болсо, баары татыктуу жазасын алат. Азыркы кармоолор эч кандай саясий куугунтук эмес. Керек болсо мурдагы президенттер да жооп берет. Анткени алар дагы Кумтөр боюнча келишимдерге түздөн-түз таасир этип турган",- деди Ташиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн