Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 03:41
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Ташиев элдин талабы боюнча 50 га жерди 20 гага түшүрүү үчүн Өзбекстан менен сүйлөшөт

19.04.2021 15:29
734
Ташиев элдин талабы боюнча 50 га жерди 20 гага түшүрүү үчүн Өзбекстан менен сүйлөшөт


Бүгүн Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын  боюнча УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен жолугушту.


Жергиликтүү калк Камчыбек Ташиевге Ынтымак айылынын 50 гектар жерин Өзбекстанга алмашуу чечимин жокко чыгарууну талап кылды. Ташиев айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, талкуу жараткан 50 гектар жер боюнча Ташкентке кайра барып аны 20 гектарга түшүрүү боюнча сүйлөшүү жүргүзөрүн билдирди.


Буга чейин Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди Өзбекстанга берүүгө каршы болуп, митингге чыгышкан. Аталган жерде боз үй тигип, жергиликтүү калк нөөмөт менен күзөттө турган болчу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн