Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:20
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ташиевдин Тажикстан менен сүйлөшүү процесси

03.02.2022 15:46
1040
Ташиевдин Тажикстан менен сүйлөшүү процесси


Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араны тактоо президент Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев бийликке келгенден кийинки негизги убада болду. Бул убаданы аткаруудан эч ким баш тарткан жок. Кыргызстандын бийлиги бул маселени туруктуу, системалуу жана ырааттуу чечүүдө. Муну оппозициянын адекваттуу адамдары да түшүнсө керек – отуз жылдык тарыхы бар маселени бир күндө, бир айда чечүү мүмкүн эмес.


2020-жылдын 19-ноябрында Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегациянын жаңы жетекчиси болуп Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев дайындалганы белгилүү болгон. Ал бул татаал маселелер менен азыр да толук иш алып барууда. Чек ара маселеси боюнча Өзбекстан менен мамилени тез арада курч фазадан чыгарууга жетишилгени менен, Тажикстандын сүйлөшүүсү толугу менен Эмомали Рахмондун маанайынан жана анын саясий муктаждыктарынан көз каранды экени белгилүү.


Чындыгында Кыргызстан менен болгон чек ара жаңжалы тажик бийлиги үчүн элдин көңүлүн ички көйгөйлөрдөн алаксытуу үчүн эффективдүү курал бойдон калууда. Мындан тышкары, тажиктер тарабынан үзгүлтүксүз куралдуу провокациялар аларга кыргыздар менен сүйлөшүүлөрдө олуттуу артыкчылыктарды берет. Кыргыз Республикасынын азыркы бийлиги мунун баарын мыкты түшүнүп турат. Ошондой эле Баткен облусундагы чек ара маселелерин чечүү комплекстүү болушу керектигин да жакшы билишет. Ооба, сүйлөшүүлөр жакшы, биз дипломатияны жактайбыз, бирок ошол эле учурда Кыргызстан өз кызыкчылыгын сөзсүз түрдө күч менен да коргой алышы керек.


Бул бизге өнөктөштөр менен алсыздык позициясынан эмес, тең укуктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Мына ошондуктан кыргыз армиясы үчүн жаңы заманбап курал-жарактар ​​жана техникалар алынып жатат. Камчыбек Ташиевдин соңку аракеттеринен бир жыл ичинде эки мамлекеттин чек ара көйгөйлөрүн абдан терең изилдеген деген жыйынтыкка келүүгө болот. Ташиев иш жүзүндө эмне болуп жатканын, сүйлөшүүлөр кандай жүрүп жатканын мамлекет башчысына, өкмөт мүчөлөрүнө, депутаттарга, карапайым элге такай жеткиликтүү түшүндүрмөлөрдү берип турат.

Ал эми бүгүн УКМКнын жетекчисин кандай сынга алышпасын, анын айланасында кандай интригалар жасалбасын, жаңжалдарды жөнгө салуу боюнча адис болууга жетишкенин, кыргыз-тажик мамилелеринин майда-барат учурларына чейин баамдаганын моюнга алуу керек. Чыр-чатактын географиясын так билип, кайда жана кандай алсыздыктар бар экенин түшүнөт. Мына ушундай шартта саясий душмандардын Ташиевди ээрден түшүрүп, саясаттан кетирип, генералдык погондорунан ажыратуу аракеттеринин баары мамлекеттик кызыкчылыкка чыккынчылык кылганга барабар.


Булак: vb.kg


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн