Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ташиевдин уулуна карата козголгон иш кайра кароого жөнөтүлдү

05.04.2021 14:15
629
Ташиевдин уулуна карата козголгон иш кайра кароого жөнөтүлдү

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Темирланга козголгон кылмыш иши жаңы кароого жөнөтүлдү. Бул тууралуу шаардык соттон билдирди.


Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Темирландын адвокатынын даттануусун кабыл алып, ишти жаңы кароого Октябрь райондук сотуна жөнөттү. Темирлан Ташиев унаалардан дөңгөлөктөрүн уурдоо ишинде соттолуучу катары каралып жаткан.


Ал 2013-жылы дөңгөлөк уурдоого шектелип кармалган. Бир жылдан кийин иш Бишкек райондук сотуна өткөрүлүп берилген. Жабырлануучулар Темирлан Ташиевге коюлган айыпты колдоодон баш тартып, иш токтотулган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн