«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту бүгүн 11-июлда, жайкы туристтик мезгилдин алгачкы Ташкент-Тамчы-Ташкент маршруттук каттамын тосуп алды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
Эл аралык авиамаршрутту Ташкенттен Ысык-Көл областына Uzbekistan Airways авиакомпаниясы аткарып, ал 40 жүргүнчүнү жеткирди.
Авиакомпания каттамды жумасына 1 жолу — жекшемби күнү жүргүзүүнү пландоодо.
Учуу убактысы - 1 саат 30 мүнөт.
Урматтуу жүргүнчүлөр! “Манас” эл аралык аэропорту» ААК авиабилеттердин баасын көзөмөлдөп же ага таасир тийгизе албайт, билеттерди сатууга да тиешеси жок!
Баа саясатын авиабилеттерди ишке ашырган авиакомпания ички эрежелерине ылайык аныкташат.
Сапарыңыздар байсалдуу болсун!
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн