Бугу 04, 2024
Убакыт: 06:08
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Тайырбек Жумашбек уулу эл аралык мелдеште алтын медаль утту

27.02.2023 09:13
309
Тайырбек Жумашбек уулу эл аралык мелдеште алтын медаль утту

Кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде алтын медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.


Тайырбек Жумашбек уулу эркин күрөшү боюнча 61 кг салмакта катышып, финалда украиналык Тарас Марковичтен 9:2 эсебинде алдыга чыгып, турнирдин жеңүүчүсү болду.


Жумашбек уулу мелдештин башында армениялык балбанды 10:0, өзбекстандык спортчуну 7:4, ирандык балбанды 18:6 эсебинде уткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн