Америка Кошмо Штаттарынын парламентинин өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга болгон сапарынан улам Тайвандын Фуцзянь провинциясында сирена үндөрү жаңырууда. Бул туурасында Телеграмм каналдар кабарлоодо.
Маалыматка ылайык, Пелоси отурган делген учак Тайбэй аэропортуна конгону кабарланууда.
Ал эми Кытайдын согуштук учактары (истребитель) Тайвандын аймагына киргени белгилүү болду.
Ошол эле учурда АКШнын Япониядагы базасындагы ондогон согуштук учактары Тайвань тарапка карай асманга көтөрүлдү.
Пикирлер (3)