Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:19
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Тазабек Икрамов: 5 жыл ичинде мага добуш берген шайлоочулардын көп маселесин чечип бердим (Видео)

16.03.2021 16:07
1243
Тазабек Икрамов: 5 жыл ичинде мага добуш берген шайлоочулардын көп маселесин чечип бердим (Видео)

5 жыл ичинде мага добуш берген шайлоочулардын көп маселесин чечип бердим. Мындай пикирин Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын "Шайлоочуга берген отчетум" аттуу рубрикасында билдирди.


"Мен депутат болгон күндөн шайлоочулардын социалдык көйгөйлөрүн, элибиздин улуттук баалуулуктарын көтөрүү максатында иштей баштадым.

Мен Жогорку Кеңеште жактырылган 15 мыйзам долбооруна авторлук кылдым. Мындан сырткары, бир топ мыйзам долбоорун сунуштап өтпөй калгандары бар. Аларды өткөрүүгө аракет кылам. Өзүңүздөр билгендей, жума күнү намаз үчүн убакытту узартууну сунуштагам, бирок өтпөй калган. Кайра депутат болуп калсам, азыркы бүтпөй калган иштерди бүтүрүүгө аракет кылам. 

Элибиздин үмүтүн актоо үчүн алардын көйгөйлөрүн дайыма угуп келем. Мени шайлаган Сузактагы шайлоочуларымдын көптөгөн социалдык көйгөйлөрүн чечип бердим. Дагы курулушу бүтпөй калган мектеп, бала бакча жана ооруканалардын курулушун бүтүрүүгө жардам берем",- деди Тазабек Икрамов.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн