Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Тазабек Икрамов "Манас" аэропортунун кызматкерлерин улуттук кийимге өткөрүүнү сунуштады.
Анын айтымында, мындай аракет менен туристтерге кыргыз маданиятын таанытууга болот.
"Биз кыргыз маданиятын "Манас" аэропортунан баштап таанытышыбыз керек. Аэропорттун кызматкерлерин улуттук кийимге өткөрсөк келген туристтер дагы дароо Кыргызстандын маданияты менен тааныша баштайт",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн