Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 19:49
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Тажик тарап ок атууну токтотпостон, оор техникаларын тартууда. Чек арада кыргыз жаранынын үйү өрттөндү

27.01.2022 23:38
4473
Тажик тарап ок атууну токтотпостон, оор техникаларын тартууда. Чек арада кыргыз жаранынын үйү өрттөндү

Бүгүн, 27-январда Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев менен тажик тараптын чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахманалив саат 22:18де экинчи жолу телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2022-жылдын 27-январы саат 22.18де тажик тараптын демилгеси менен КР УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары-Чек ара кызматынын директору генерал-майор Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин кол башчысы генерал-полковник Раджабали Рахмонали телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн маалымдайт. 

Сүйлөшүү дагы эле ок атууну токтотуу тууралуу болду. 


КР УКМКнын Чек ара кызматынын директору генерал-майор У.Шаршеев тажик тарап ок атууну токтопой жаткандыгын жана чек арага өздүк курамды жана оор аскердик техникаларды алып келип жаткандыгын билдирди. Саат 23.00 карата тажик аскер кызматкерлери кыргыз аскер кызматкеринин жайгашкан жерин көздөй маал-маалы менен ок атып жатышат, ал эми Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө жерлигинде дагы деле ок атышуу уланып жатат. 


Тажик аскер кызматкерлери Көчө-Бою жерлигиндеги ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлери жайгашкан жакты көздөй минамет менен атышкандыгынан Кыргызстандын жергиликтүү жашоочусунун үйү өрттөнүп кеткен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн