Бугу 10, 2024
Убакыт: 01:42
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Тажикистандын мурдагы министринин билдирүүсү Ташиевдин чек ара маселесин туура алып бараткандыгын айгинелейт

01.04.2021 12:36
1520
Тажикистандын мурдагы министринин билдирүүсү Ташиевдин чек ара маселесин туура алып бараткандыгын айгинелейт


Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрахон Зарифинин дипломатиялык этика, маданияттын чегинен чыгып, УКМКнын тѳрагасы  Камчыбек Ташиевдин дарегине жакшы эмес, душманга мүнѳздүү сѳздѳрдү айткандыгы Камчыбек Кыдыршаевичтин чек ара маселесинде туура иш алып бараткандыгын гана айгинелейт. «Чындыкка чычалайт» деген сѳз бар. Хамрахон Зарифинин оозу менен расмий тажик бийлиги бир нерсени айкын кѳрсѳттү. Кыргызстан менен Тажикистандын ортосундагы чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоого, чек ара талаштарына чекит коюуга  тажик бийлиги кызыкдар эмес экен. Камчыбек Ташиевдин чындыкты айткандары алардын итатайларын келтирүүдѳ. Себеби, буга чейин бүгүнкүдѳй тең ата сүйлѳшүүлѳр орун алып, маселелер кабыргасынан коюлган эмес. Бүгүн ошондой болуп атат, бул аларга жакпай жатат. Ошондуктан  Камчыбек Ташиевдин Ворух боюнча айткандарына, аргументтерине каршы эч нерсе айта албай, аргасы кеткенде мурдагы министри аркылуу эки ѳлкѳнүн ортосуна от жагып, сүйлѳшүүлѳрдүн маанайын курчутууга  ѳттү. Хамрахон Зарифинин айтканын расмий тажик бийлигинин позициясы деп билели. Анткени, Тажикистан бир адамдын абсолюттук бийлиги ѳкүм сүргѳн  авторитардык ѳлкѳ. Мурдагы министрлер жогору жактын кѳрсѳтмѳсү, ишаараты жок ашыкча сѳз айта алышпайт. 


Тилекке каршы, биздин билип билбей, түшүнүп түшүнбѳй урдура берчү, жеке кызыкчылыгы дегенде ѳлкѳнүн, улуттун кызыкчылыгын уруп ойнобогон «айрым» жарандарыбыз Хамрахон Зарифинин айтканын колдоого алышып, тажик бийлигинин чырагына май тамызууда. Кыргызстандын бир метр жери үчүн бекем туруп, чек ара маселелеринде улуттук кызыкчылыктарды баарынан жогору коюп жаткан Камчыбек Кыдыршаевичтин аракеттерин сынга алып, туура эмес нерселерди жазышуу менен тажик тараптын куралына айланып жатышкандарын  түшүнүп жатышабы? Тажик тараптын кѳксѳгѳнү К. Ташиевди элге мокочо кѳрсѳтүү болууда. Ошону түшүнѳлү, достор! 


Келгиле,  саясатта, ички маселелерде ит-мышык болсок да, чек ара маселесинде бир муштумдай болуп биригип, ынтымакка келип,  пикирлеш, тилектештигибизди билдирип Камчыбек Ташиевди колдоого алалы, ага ишеним арталы. Мен бир нерсеге бѳркүмдѳй ишенем. Камчыбек Кыдыршаевич ѳлкѳ үчүн жанын берүүгѳ даяр инсан. Бир метр жерибизди карматпайт, чек ара талаштарына чекит коёт.


Нургазы Анаркулов

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Туура