Бугу 14, 2024
Убакыт: 11:19
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Тажикстан Баткен районунун Достук айылындагы мектепти ээлеп алды

16.09.2022 15:02
394
Тажикстан Баткен районунун Достук айылындагы мектепти ээлеп алды

2022-жылдын 16-сентябры саат 14:00гө карата Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Тажикстандын аскерлери Баткен районунун Достук айылындагы мектепти басып алды.

"Ошондой эле тажик тарап чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонуп, муну менен карапайым калк арасында чоң жоготууга учуроодо", - деп белгилешти ведомстводон.

Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурунда КР УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүмдөрү Тажикстандын УКМКсынын «Ляккан» жана «Богдари» чек ара заставаларын аткылашты. Тажикстандын коопсуздугун камсыздап жаткан тажик тараптын бир топ оор техникаларын жок кылышты.

КР УКМК Чек ара кызматынын өздүк курамы айыгышкан салгылашууларды улантууда, кырдаалдын өзгөрүшүнө жараша адекваттуу чараларды көрүп, душманды ок атышууну токтотууга мажбурлоо үчүн заманбап курал-жарактарды жана техникаларды колдонууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн