Тажикстан Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундарына уурдалган мүлктүн бир бөлүгүн кайтарып берди. Маалыматты облустук администрациядан тастыкташты.
Алардын айтымында, Ворух РИИБнин кызматкерлери баткендик кесиптештерине 14 жылкы жана 2 унаа өткөрүп беришкен.
Баткенде Тажикстандын куралдуу кол салуусунда 640 үй талкаланып, анын 423үн калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Чек арадагы айылдардагы үйлөр тонолгон жана өрттөлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн