Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 06:07
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Тажикстан, Беларусь жана Ирандын президенттери Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

06.12.2021 17:45
535
Тажикстан, Беларусь жана Ирандын президенттери Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Беларусь президенти Александр Лукашенко жана Иран Ислам республикасынын президенти Сейед Ибрахим Раиси Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


«Сизге чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.


Ушул жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кыргыз-тажик жаратмандык кызматташтыгы мындан ары да жалпы кызыкчылыктардын бардык тармактарында өз ара урматтоо, өз ара түшүнүшүү жана ынак коңшулук принциптеринин негизинде өнүгүп, кеңейе берерине ишеним билдирем», - деп белгиленет Тажикстан Президентинин куттуктоосунда.


«Туулган күнүңүзгө карата чын жүрөктөн куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Сиздин аракетиңиздин жана новаторлук башкарууңуздун аркасында Кыргызстан бүгүнкү күндө мамлекеттик реформаларды жүргүзүүдө, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууда, эл аралык аренада позициясын бекемдөөдө жакшы натыйжаларга жетишип жатат.


Көп кырдуу эки тараптуу байланыштарды түзүү Беларус менен Кыргызстандын узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берет жана биздин өлкөлөр менен элдердин ортосундагы достук, өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого салым кошот деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.


«Сиздин позитивдүү көз карашыңыздын аркасында дос жана бир тууган эки өлкө Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы мамилелер динамикалуу өнүгүүнүн негизги багытында уланып, өлкөлөрүбүздүн эки тараптуу тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана элдердин бакубаттуулугун чыңдоодо жана жайылтууда аймактык жана эл аралык кызматташтык маанилүү роль ойнойт деп ишенем.


Жараткандан Сизге жана үй-бүлөңүзгө ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын элине бакыт жана гүлдөп өнүгүүнү тилейм», - деп айтылат Иран президентинин куттуктоо телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн