Тажикстан кантип окуяга даярданганын "Шер" отрядынын командири Ибрагим Акматов айтып берди.
Анын айтымында, чыңалуу 28-апрелде башталып, тажик тарап атайын уюштурган.
"28-апрелде саат 13төр чамасында таш атышуу болуп, окуя токтогон. Эртеси күнү эл кайрадан таш атышып баштаган эле тажик тараптан алгач мергенчилик үчүн колдонулган мылтыктардан ок чыкты. Биз буга жооп берген жокпуз. Көп өтпөй эле автоматтар атыла баштады. Эскертүү иретинде асманга ок чыгарганыбызда аскерлери автомат эмес оор куралдар менен жарандарыбызды аткылай баштады. Тилекке каршы, ошол жерде 17 адам каза болду",- дейт командир.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн