Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 07:09
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктады

12.01.2021 18:32
770
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун штабынын басма сөз кызматы билдирди.


«Кыргызстан элинин өз эркин билдирүүсүнүн натыйжалары коомчулуктун өлкөдөгү туруктуулукту жана ынтымакты бекемдөөгө, мындан ары анын туруктуу өнүгүшүнө багытталган сиздин курсту кеңири колдой тургандыгын тастыктап турат. Тажикстан менен Кыргызстандын элдерин кылымдарды карыткан достук, ак ниет коңшулук жана өз ара урматтоого негизделген салттуу мамилелер байланыштырат. Эки элдин ортосундагы мамилелердин бардык тарыхый мурастарын сактоого жана өркүндөтүүгө кызыкдарбыз. Сиз менен биргеликте тажик-кыргыз көп кырдуу кызматташтыгынын бардык чөйрөсүн сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрүүгө күч-аракетибизди жумшайбыз деген үмүттөмүн», - деп белгиленет куттуктоодо.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн