Бугу 16, 2024
Убакыт: 10:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Тажикстан тарабынан жардырылган 36 метрлик көпүрө убактылуу өтмөккө ачылды

20.09.2022 12:32
650
Тажикстан тарабынан жардырылган 36 метрлик көпүрө убактылуу өтмөккө ачылды

Баткен районунун Көк-Таш жана Ак-Сай айылдарын бириктирген Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрө убактылуу өтмөккө ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен кабарлашты.


Маалыматка ылайык, көпүрөдөн өтүү үчүн жүк ташуучу жана жеңил унааларга уруксат берилди.

Көпүрөнү толук оңдоо иштери үчүн бюджеттен акча каражат бөлүнөт. Баткен облусунда Тажикстан тарабынан зыян келтирилген жолдорду оңдоо иштери менен Таабалды Тиллаев иш алып барууда.


Эске салсак, 16-сентябрда Ак-Сай айылынын жолундагы 36 метрлик көпүрө Тажикстан тарабынан жардырылган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн