Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:56
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Тажикстандан Кыргызстанга ооган баңгизатын ташып жүргөн улут аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Тажикстандан Кыргызстанга ооган баңгизатын ташып жүргөн улут аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды


 


 Ыкчам иштердин натыйжасында милиция кызматкерлери баңгизат менен алектенген кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармашты. Алардан 12 килограммдан ашык “Гашиш” баңгизаты алынды.  Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Узак мөөнөттүү ыкчам иштердин жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери менен биргеликте Тажикстандан Кыргызстандын аймагына “Гашиш” баңгизатын ташуу менен алектенген улуттар аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту. Алар Кыргызстанга баңгизатты алып келгенден кийин, андан ары сатышмак. 


  Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишинин алкагында 2023-жылдын 13-январында саат 19:00 чамасында Чүй облусунун Сокулук районундагы мечиттердин биринин жанында “Гашиш” (афган чарсы) баңгизатын сатууга аракет кылып жатышкан 1968-жылы туулган Г.К. менен 1964-жылы туулган А.Х. кармалды. Жаран 1968-жылы туулган Г.К. уюшкан кылмыштуу баңги тобунун мүчөсү катары ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын ыкчам каттоосунда турган. 


 Атайын жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө скотч менен оролгон, 12 таңгактагы өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү 12 кг 170 граммды түзгөн баңгизат табылып алынган.  

 Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн