Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 09:21
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.930

Тажикстандан коронавирус жуктуруп келген 4 студент жакындары менен байланышта болгон эмес

06.05.2020 13:51
1052
Тажикстандан коронавирус жуктуруп келген 4 студент жакындары менен байланышта болгон эмес


Тажикстандан келген Баткендик студенттер жакындары менен байланышта болгон эмес. Бул туууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.

 

Маалыматка ылайык, Тажикстанда кооптуу илдеттин жайылышынан улам, мекенине кайткан кыргызстандыктар көбөйүүдө. Учурда Баткен облусуна тажикстанда окуп жүргөн жалпы 27 студент келген.


Алардын баары чек ара көзөмөл өткөрүү бекетинен текшерилип, обсервацияга жаткырылган. Ал эми инфекцияны жуктурган төрт адам ооруканага жаткырылган.


Учурда илдет менен күрөшүүдө Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Согди облустарынын жергиликтүү бийлик органдары, ички иштер органдары, чек арачылар жана башка тийиштүү органдар биргеликте иш алып барып жатканы айтылат

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн