Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тажикстандын агрессиясы: Баткенде 8 мектеп, 1 бала бакча жабыркаган

Тажикстандын агрессиясы: Баткенде 8 мектеп, 1 бала бакча жабыркаган

Тажик тараптын Кыргызстанга кол салуусунан Баткенде сегиз мектеп жана бир бала бакча жабыркады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.


Анын айтымында, чек арадагы куралдуу кагылышууда мугалимдер дагы жабыркаган.


“Баткен районунда окуу процесси токтотулган. Бир райондо сегиз мектеп жана бир бала бакчанын терезеси талкаланып, имаратына ок тийген. Жабыркаган мугалимдер дарыланууда”, - дейт Жусупбекова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн