Бугу 15, 2024
Убакыт: 21:08
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Тажикстандын агрессиясы: Баткенде жаңы жылга чейин курулуп жаткан үйлөрдүн бир бөлүгү бүтөт

16.12.2022 11:55
463
Тажикстандын агрессиясы: Баткенде жаңы жылга чейин курулуп жаткан үйлөрдүн бир бөлүгү бүтөт

Баткендеги чек ара айылдарында курулуп жаткан үйлөрдүн бир бөлүгү жаңы жылга чейин пайдаланууга берилүү алдында турат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, облус башчысы Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Аксай айыл аймагына барды. Иш сапардын алкагында облус башчысы аталган айыл аймактагы калыбына келтирүү ишинин жүрүшүнөн кабар алды. Тактап айтканда, курулушу жүрүп жаткан үйлөрдү көрүп чыккан.


Учурда жеринде калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүп жатат. Көпчүлүк үйлөрдүн дубалдары тургузулуп, чатырлары жабылса, айрымдарынын ички жасалгалоо иштери жүрүүдө. Жаңы жылга чейин үйлөрдүн бир бөлүгү колдонууга берилип баштайт.


Иш сапардын алкагында ыйгарым укуктуу өкүл чек ара окуясында жабыркаган Ак-Сай айылындагы тоок фермасынан да кабар алды.


Облус башчысы жеке ишкерге тоок фермасын калыбына келтирүүдө жана ишкердикти өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан колдоолор болуп жаткандыгын айтты.


Белгилей кетсек, Ак-Сай айылындагы жабыркаган тоок ферманын ээсинин "Айыл Банк" ААК тарабынан алынган 9 миллион 600 миң сом насыясы толугу менен жоюлду. Бул маселе министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун көзөмөлүнө алынып, кайрадан калыбына келтирүүгө да мамлекет тарабынан кошумча акча каражаты бөлүнүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн