Бугу 16, 2024
Убакыт: 14:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Тажикстандын агрессиясы учурунда наристесин колуна көтөрүп, "үй бар" деп турган жаран Баткенде "жылдын мыктысы" болду

24.12.2022 11:15
1169
Тажикстандын агрессиясы учурунда наристесин колуна көтөрүп, "үй бар" деп турган жаран Баткенде "жылдын мыктысы" болду

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын тургуну Келдибек Матисаевге ыраазычылыгын билдирди.


Келдибек Матисаев 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү болуп өткөн коогалаңда чек ара айылдарынан эвакуация болгон жарандарга жардам колун сунган инсан. 


Облус башчысы Абдикарим Алимбаев өз кезегинде Келдибек Матисаевге кыйын кырдаалда жабыркаган үй-бүлөлөргө патриоттук сезимде кол сунуп, өлкөнүн бүтүндүгү , элибиздин келечеги үчүн кошкон салымы жана өз учурунда материалдык, моралдык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.


Ыйгарым укуктуу өкүл, мындан сырткары  оор кырдаалда колдоо көрсөтүп, жабыркаган үй бүлөлөргө жардам берген ар бир кыргызстандыкка Баткен элинин жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылыгын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн