Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:46
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тажикстандын агрессиясынан 364 үй талкаланган

Тажикстандын агрессиясынан 364 үй талкаланган

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткен облусунда талкаганган турак жайлардын саны 364кө жетти. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын башчысы Ырысбек Жолдошбаев билдирди.


Жолдошбаевдин айтымында, анын арасында үйлөр, короо жайлар, социалдык мекемелер, бала бакча, мектеп, административдик мекемелер жана автоунаалар дагы бар.


“Келтирилген чыгымды тактоо боюнча облустук жана райондук деңгээлде тиешелүү комиссиялар түзүлүп, алар айыл өкмөттөр боюнча 9 топко бөлүнүп иш алып барышууда. Комиссиянын курамына тергөө тобунан, ӨКМден, курулуш тармагынан дагы тиешелүү адистер кирди. Алдын ала маалымат боюнча, 364 турак жай талкаганган. Жеринде жарандык коргонуу комиссиялары иштеп жатат. Комиссия текшерүүнүн жүрүшүндө канча үй канчалык деңгээлде жабыркаган, калыбына келтирүүгө болот же болбойт деген жыйынтык чыгарат”, - деди ал.


Ал белгилегендей, талкаланган үйлөрдөгү курулуш калдыктарын тазалоо иштери дагы ӨКМге жүктөлгөн.


“Бул боюнча атайын инженердик-техникалар тартылып, такталган аймактарда жакынкы аралыкта тазалоо иштери башталат”, - деп ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн