Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тажикстандын кол салуусу: Баткенде 4 миңден ашык жаран дагы деле үйлөрүнө кайта элек

Тажикстандын кол салуусу: Баткенде 4 миңден ашык жаран дагы деле үйлөрүнө кайта элек

Бүгүн, 20-октябрга карата Баткен облусунда 4 миңден ашык жаран үйлөрүнө кайта элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, жалпы Баткен облус боюнча 136 770 жаран  эвакуацияланган анын ичинен бүгүнкү күндө кичи мекенине 132 081 жаран кайткан. Эвакуациялоого тартылган күч каражаттар 7825 кызматкер, 416 техника, анын ичинен ӨКМден  557 куткаруучу, 95 техника тартылган. Бүгүнкү күндө убактылуу кабыл алуу жайларда 262 жаран жайгашышкан. Алардын  9у Ош шаарында, 31и Жалал-Абад облусунда, 9у Ысык-Көл облусунда, 61и Чүй облусунда, 152си Баткен облусунда. Ал эми жарандардын үйлөрүндө 4427 жаран жайгашкан. Жалпы эвакуацияга жана жарандарды алып келүүгө КР ӨКМден 52 тонна 700 литр күйүчү май бөлүнүп берилген. 


Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, 661 тактап айтканда, Баткен шаарында 21, Баткен районунда 454, Лейлек районунда 186 турак үй жабыркаган. Анын ичинен 423 турак үй жашоого жараксыз абалга келип, 238 турак үй оңдоп-түздөөгө муктаж. Ал эми 11 административдик, стратегиялык, 27социалдык объект, 335 сарай 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.


Учурда 422 үй бузулду, ӨКМ 387 турак үй, жергиликтүү бийлик тарабынан 35 турак үй бузуп тазалашты. 1 турак үй чек-ара тилкесинде болгондуктан тазаланган жок. Аткарылган жумуштун көлөмү 112 587 м3ду түзүп, курулуш таштандылары чыгарылды.

Ошондой эле  ӨКМден  9 кызматкер, 7 техника тартылып,  7 турак үйдүн фундаментин толугу менен тазалашты.  


Жабыркаган жарандарга жардам берүү үчүн Баткен облусуна жалпы 1636 тонна гумжардам келип түшкөн. Анын ичинен 322 тонна ӨКМ тарабынан, 1134 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткиришкен. Кампада 180 тонна гуманитардык жардам сакталууда. Мындан сырткары Баткен облусунда жалпы 59 мобилдик үй, 40 кийиз үй, 26 боз үй орнотулду. Баткен облусунда кампада 1 кийиз үй, 61 боз үй, 2 бөлмөлүү 5 жана 1 бөлмөлүү 4 мобилдүү үй, 109 чатыр,1100 комплект керебет, матрац, жаздык, шейшеп, 140 буржуй меши, 300 даана электр жылыткыч сактоодо турат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн