Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тажикстандын кол салуусу: Баткенде жараксыз абалга келген үйлөр толук бузулуп бүтө элек

Тажикстандын кол салуусу: Баткенде жараксыз абалга келген үйлөр толук бузулуп бүтө элек

Баткен облусунда Тажикстандын кол салуусунан улам 423 үй жараксыз абалга келген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой,  жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, Баткен облусу боюнча 661 турак үй жабыркагандыгы аныкталган. Анын ичинен 423 турак үй жашоого жараксыз абалга келип, 238 турак үй оңдоп түзөөгө муктаж.


Алар:

(Баткен шаары-21,

Баткен району-454, 

Лейлек району-186.

 Учурда облус боюнча жашоого жараксыз жалпы 419 турак үй бузулуп тазаланды. Анын 387и ӨКМ тарабынан , жергиликтүү бийлик тарабынан 32турак үй. 

Жалпы жумуштун көлөмү 112 072 м³ түзгөн. Бузула элек дагы 25 турак үй калды.

 Баткен району боюнча 318 турак үй бузулуп тазаланган. ӨКМ тарабынан 295, жергиликтүү бийлик тарабынан 23турак үй. Көлөмү 95 302м³ курулуш таштандылары чыгарылды. 

 Ал эми Лейлек району боюнча 101 турак үй жараксыз абалга келген. ӨКМ тарабынан 92 турак үй, жергиликтүү бийлик тарабынан 9 турак үй бузулуп тазаланып, көлөмү 16 770 м³ курулуш таштандылары чыгарылды. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн