Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 11:14
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Тажикстандын кол салуусу: Улуттук банк дээрлик 20 млн сом кредитти кечти

22.11.2022 16:26
792
Тажикстандын кол салуусу: Улуттук банк дээрлик 20 млн сом кредитти кечти

Баткен жана Ош облусунда куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучулардын 19 млн 459 миң сомдук насыясы кечилди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.


Финансы-кредит уюмдарынан алынган маалыматтар боюнча, 2022-жылдын 17-ноябрына карата карыз алуучулардан 443 кайрылуу түштү. Алардын ичинен 19 млн 459 миң сом суммасында 283 насыя эсептен алынып, 36 млн 485 миң сом суммасында 155 кредит реструктуризацияланган.


Азыркы тапта, Финансы-кредит уюмдары аталган региондордун жабыркаган карыз алуучуларынан келип жаткан бардык арыздарды кароону улантып жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн