Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тажикстандын кол салуусунан 613 турак үй өрттөлүп, талкаланган

Тажикстандын кол салуусунан 613 турак үй өрттөлүп, талкаланган


Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 113 803 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 4671 жаран эвакуациялык пунктарда, 4539 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. 


13757 жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.


Баткен облусуна жалпы 1332 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 189 тонна КР ӨКМ тарабынан, 942 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 201 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө. 


Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 184 пункт уюштурулуп, кабыл алынууда. Алар:

- Ош облусунда – 44;

- Жалал-Абад облусунда– 13;

- Нарын облусунда – 6;

- Ысык-Көл облусунда – 64;

- Талас облусунда – 43;

- Чүй облусунда – 12;

- Ош шаарында –1;

- Бишкек шаарында – 1. 


Эвакуация иштерине тартылган күч каражаттар:

Баткен облусу:

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен – 582 куткаруучу, 69 бирдик техника; 

- Жарандык коргонуу кызматтарынан – 7268 кызматкер, 321 бирдик техника;

Жалпы: 7850 кызматкер, 390 бирдик техника.

Ош облусу:

- КР ӨКМ–2 бирдик техника, 27 куткаруучу; 

- ЖК кызматтарынан – 10 техника - 158 кызматкер;

Жалпы: 12 техника, 185 кызматкер.


Кырдаалдын кесепетинен бузулган курулуштар боюнча маалымат: 

Келтирилген материалдык чыгымдарды тактоо иштери жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан жүргүзүлүп, 613 турак үй, 9 административдик, стратегиялык объект, 15 социалдык объект, 323 сарай, 171 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер, 1 унаа өтүүчү көпүрө, 26 унаа жабыркагандыгы белгилүү болду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн