Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 19:37
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Тажикстандын кол салуусунан талкаланган үйлөрдү тазалоого милиция кызматкерлери көмөктөшүүдө

30.09.2022 10:30
906
Тажикстандын кол салуусунан талкаланган үйлөрдү тазалоого милиция кызматкерлери көмөктөшүүдө

Баткен облустук милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга жардам беришүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдирди.


Тажикстандын кол салуусунан Баткен облусунун Лейлек, Баткен райондорунун жашоочуларынын турак жайлары талкаланып, өрттөлүп кеткен. Учурда коопсуз жайларга көчүрүлгөн жарандар үйлөрүнө кайтып жатканына байланыштуу, Баткен облусунун милиция кызматкерлери жарандарга үйлөрүн иретке келтирүү үчүн жардам берип жатышат.


Ошону менен бирге милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга укук бузууларга, чагымчыл аракеттерге жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери  жүргүзүлүп, үйлөрүнө көчүп жаткан жарандардын коопсуздугу  камсыздалып жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн