Теке 06, 2024
Убакыт: 17:39
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

Тажиктер тарабынан кармалган кыргыз жарандары сабалган

17.05.2021 15:38
1204
Тажиктер тарабынан кармалган кыргыз жарандары сабалган

Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылынын жергиликтүү тургундары, бүгүн эртең менен Ак-Сай айылынан үч Тажик жаранын кармашкан. Жергиликтүү тургундар Тажик жарандарынын Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөндүгүнүн себебин тактоо максатында милицияга өткөрүп беришкен.



Ошол эле учурда Тажик жарандары Тажикстандын Ворух айылы аркылуу, жайлоодон келе жаткан үч Кыргыз жаранын кармап алышкан. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.


"Бул окуя боюнча Баткен жана Согди облусунун башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине жеринде жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча тапшырма беришти.



Натыйжада эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугуп, эл менен бирге макулдашылып, эки тараптан тең кармалган жарандар бошотулду. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Тажик жарандары кармап алган Кыргыз жарандарынын сабалганы айтылып, ооруканага жөнөтүлдү", - деди маалымат катчы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн