Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 02:52
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Тажиктер тарабынан өлтүрүлгөн 12 жаштагы Мадинанын өлүмү тууралуу кошунасы айтып берди (видео)

07.05.2021 09:28
1068
Тажиктер тарабынан өлтүрүлгөн 12 жаштагы Мадинанын өлүмү тууралуу кошунасы айтып берди (видео)

Лейлек районунун Арка айылында тажик аскерлеринин баскынчылык чабуулунан 12 жаштагы Мадина кантип каза болгонун кошунасы айтып берди. Бул тууралуу "Али Токтакуновдун медиахабы" билдирди. 


Анын айтымында, Мадина качып бара жаткан жеринде миномет тийген. 


"Биз бул жерде тынч эле отурганбыз. Эч оюбуз кеткен эмес. Саат 5терде эле ушул жактан октун үндөрү чыгып, минометтер жарыла баштады. Мына ушул көчөдө Мадина апасы жана сиңдиси менен чогуу жашаган. 

Алар үйдөн чыгып, эл качкан тарапка качып жөнөгөн. Мына ушул дарбазанын жанына келген учурда миномет жарылып, чачырандылары Мадинага тийген. Мына ушул жердеги кан Мадинанын каны",- деп айтып берди кошунасы.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн