Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 15:59
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Текебаев: Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин убагында чектелбеген укук бүгүн чектелеби?

09.12.2020 11:39
737
Текебаев: Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин убагында чектелбеген укук бүгүн чектелеби?

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев күн тартип маселелери каралаардын алдында билдирүү жасоо үчүн 10 мүнөт убакыт берүүнү суранды.


Анда вице-спикер Мирлан Бакиров «добуш берүүнү бүтүрүп, күн тартибин кароого өтөбүз» деп билдирди.


"Күн тартибинде биринчи добуш берүүнү бүтүрүп, андан кийин күн тартибине өтөбүз. Добуш берүү учурунда талкууга жол берилбейт", - деди ал.


"Фракциялар жыйында билдирүү жасаганга кепилденген укугу бар. Мен талкуу иретинде сөз сураган жокмун. Мен бүгүнкү маселе каралаарда билдирүү жасоо үчүн убакыт сурадым. Мен талкууга катышайын деген жокмун. Фракциянын укугун чектебеңиз. Фракциянын укугу Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин убагында да чектелген эмес. Эмне бүгүнкүлөр чектеп коёюн деп жатабы?", - деди Текебаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн