Өмүрбек Текебаев абактагы ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу "Жалбырак тв" жарыялады.
"Курсан Асанов өзүнүн баатыр экенин көрсөттү. Бийликтин адамдары, министрлер качып кеткенден кийин ИИМди колго алып, мамлекетте уурдап-тонооолор болбосун деп туруктуулукту орнотту. Азыр аны ИИМди басып алды деп баскынчы, террорист катары көрсөтүүнүн кереги жок. Ал Ош окуясында да баатырлыгын далилдеген. Аны үй камагына чыгарыш керек. Экинчи жактан ал президентке оппонент болуп шайлоого катышкан ошондуктан анын абакта отурушу президентке аброй алып келбейт",- деди Текебаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн