Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Телеканал өчүрүлдү. “NEXT TV” телеканалына улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши козголду

04.03.2022 06:04
577
Телеканал өчүрүлдү. “NEXT TV” телеканалына улуттар аралык кастыкты козутуу  боюнча кылмыш иши козголду

“NEXT TV” телеканалына улуттар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


УКМК өзүнүн түздөн-түз функционалдык милдеттеринен улам деструктивдүү күчтөрдүн коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга багытталган мыйзамсыз аракеттерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу максатында интернет талаасына дайыма мониторинг жүргүзүп келет.


Жүргүзүлгөн иштердин алкагында «NEXT TV» телеканалы социалдык түйүндөрдөгү ресурстарын пайдаланып, Украинанын аймагындагы атайын операциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы Россияга аскердик жардам көрсөтүүдө делген жалган маалымат таратып, маалымат булагы катары Казакстандын чалгын кызматынын мурдагы жетекчисине шилтеме берген. 

Бул аракеттер Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин калкын туура эмес маалымдоого алып келет, ошондой эле улуттар аралык кастыкты козутуунун башаты болуп саналат.


Текшерүүнүн жүрүшүндө “NEXT TV” телеканалынын аракетинде улуттар аралык кастыкты козутуучу белгилер бар экендиги боюнча экспертизанын корутундусу алынды. 


Бул факты боюнча “NEXT TV” телеканалына байланыштуу болгон материалдарга таянып КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (Улуттар аралык кастыкты (жек көрүүнү) козутуу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында аталган телеканалдын жооптуу адамдарына карата тиешелүү процессуалдык чечимдер кабыл алынат.


УКМК жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын активдүү колдонуучуларынын көңүлүн кесиптик этиканы сактоо жана айрым учурларда кайтарылгыс кесепеттерге алып келе турган, анын ичинде өлкөнүн аброюна зыян келтирүү менен байланышкан жалган жана тастыкталбаган маалыматтарды жарыялобоого чакырат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн