Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:39
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Темир Сариев ишкерлерге тоскоол болгон үч факторду атады

27.10.2023 12:24
871
Темир Сариев ишкерлерге тоскоол болгон үч факторду атады


Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев "Кабар" агенттигине берген маегинде туруксуз мыйзамдар, укук коргоо органдарындагы адилетсиздик, ашыкча кийлигишүү ишкерлердин башкы көйгөйлөрү экенин билдирди.

“Мыйзамдардын туруктуулугу, укук коргоо органдарынын таза, ачык-айкын иштөөсү, бизнеске кийлигишпөөсү бул өтө орчундуу маселе. Бизде мыйзамдар туруктуу иштеп, ишкерлерди, инвестицияны, менчикти коргоосу керек. Укук коргоо органдары мыйзам чегинде гана текшерүүсү зарыл. Мына ошондон инвестициялык климат келип чыгууда", – деди Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев.

Ошондой эле Темир Сариев ишкерлердин ишин илгерилетүү үчүн узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыялар болушу керектигин билдирип, кандай маселе болбосун ыкчам чечүү зарылдыгын баса белгиледи.

“Өнөктөш мамлекеттер менен болуп жаткан маселелерди ыкчам чечип туруубуз керек. Коңшу Казакстанды алалы. Биз алар менен бир ЕАЭБ алкагындабыз. Мына ушул сыяктуу бизнестин көйгөйлөрү өкмөттөр аралык отурумдарда каралып, ыкчам чечилип туруусу зарыл”, – деди Сариев.

Муну менен катар ал жаңы базарларды ачууда мамлекет ишкерлерге жардам берүүсү керектигин, бажы бекеттеринде болсо ишти мындан да жандантуу зарылдыгын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн