Үч кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы алардын үй-бүлөсү Канададан сатып алган 725 миң долларлык үйү тууралуу маалыматка комментарий берди. Бул тууралуу Илмира Алпысбаева Фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, үй 2010-жылы кредитке алынган.
Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы текстке муну тастыктаган документтердин сүрөтүн, анын ичинде 2013-жылдын 1-августундагы баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн тиркеген, анда эненин жашаган жери тууралуу графада төмөнкү дарек көрсөтүлгөн: 2322 Woodridge Way, Oakville, Canada, L6H6S3. Бул жерде Бөлтүрүктүн үйү жайгашкан.
Ошондой эле Илмира Алпысбаева күйөөсүнүн айдоочулук күбөлүгүнүн сүрөтүн жана баланын Канададан башка жакка чыгуусуна макулдук катын жарыялаган. Эки документте тең дарек сабында бул үйдүн дареги жазылган.
Белгилей кетсек, 5-сентябрда Аскер прокуратурасы Тенгиз Бөлтүрүктүн оорусуна байланыштуу тергөө токтотулганын билдирген. Кумтөрдүн мурдагы тышкы башкаруучусу камакта болгону эки ай болгону белгилүү. Ал 1 миллиарддын 10 миллион сомун төлөп берген. Калган сумма иш боюнча башка айыпталуучуларга бөлүнгөнүн айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн