Чын курандын 24, 2025
Убакыт: 04:12
USD
87.30
87.80
EUR
99.20
100.20
RUB
1.040
1.090

Теңиз Бөлтүрүктүн жубайы Садыр Жапаровдон акчалай жардам сурады (фото)

11.03.2023 13:18
1398
Теңиз Бөлтүрүктүн жубайы Садыр Жапаровдон акчалай жардам сурады (фото)


“Кумтөрдүн” жана “Улуу көчмөндөр мурасы” Улуттук холдингинин экс-жетекчиси Теңиз Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаева президент Садыр Жапаровдон акчалай жардам сурады.


Алпысбаеванын айтымында, азыр ал акчасыз калгандыктан, карызга батып жашоого аргасыз.


Ал мамлекет башчыга жазган катын күйөөсүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.


"Жолдошума карата ачыктан-ачык адилетсиздикке жол бербеңиз! Алладан сурагандай, тизелеп суранам! Алдыда ыйык Орозо айы.


Садыр Нургожоевич, жолдошум да сизди бир тууганындай жакшы көрчү. Ал сизди мени коргойт, гарант болуп берет дечү. Сиздин макулдугуңуз менен Кумтөрдө “тазалоо” баштады. Анын тагдыры сиздин колуңузда! Ал сиздин чакырууңуз боюнча келди.


Садыр Нургожоевич, мага жардам берип, акчалай жардам берүүңүздөрдү суранам. Мен эч кандай каражатсыз калдым. Карыз менен жашоодомун, юристке, дарыланууга, тамак-ашка чоң чыгымдарым бар. Жок дегенде күйөөм камалганга чейинки 1,5 айлык маянасын чыгарып бериңиз деп суранам. Менин жашаш үчүн эч нерсем жок. Тергөө жүрүп жатканда батирден чыга албайм. Жолдошум коргонсун. Сизден суранам, Аллах ыраазычылыгы үчүн жардам бериңиз! Сиз аны Кыргызстанга алып келгенсиз!", — деп жазды Илмира Алпысбаева.


Ал ошондой эле күйөөсү Кумтөрдө иштеп жүргөндө компаниянын Канададан келген кызматкерлеринен алда канча аз айлык алганын байкап, далил катары таблицаны көрсөткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн