Бүгүн, 14-декабрда тереңдиги 3 метр чуңкурга түшүп кеткен жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
"Ысык-Ата районунун Новопакровка айылынын Эшбай көчөсүндө тереңдиги болжол менен 3 метр болгон чуңкурга мас абалындагы эркек киши түшүп кетти деген маалыматтын негизинде ӨККБ-27ден 3 куткаруучу саат 04:45де жерине чыгып, 05:00дө жетишти. Куткаруучулар чуңкурга түшүп кеткен жаранды чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришти",- деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн